"Министр жаргон сөздөр менен сүйлөбөш керек". Депутат Талиева саламаттыкты сактоо министрин тартипке чакыруу керектигин айтты

Депутат Камила Талиева саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди тартипке чакыруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Белгилүү хирург Эрнст Акрамовду кыргыз элинин алдында каалагандай мазактоого эч кимдин укугу жок. Ал кишинин эмгеги сиңип, өмүрүн медицинага арнап койгон. Керек болсо үйү жок, ошол ооруканада жашайт. Министр айткан этикага туура келбеген сөздү айта албайм. Министрдин хирургдарга болгон өчү барбы? Биз министрди колдойбуз деп жатабыз. Бул киши дагы этиканы сакташы шарт да. Аны тартипке чакыргыла, министр жаргон сөздөр менен сүйлөбөш керек", - дейт Талиева.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов: "Биз укуктук мамлекетпиз. Ар бир процесс мыйзам менен болушу керек. Биз түшүнүктөр менен жашабайбыз да. Бул маселени карап чыгуу боюнча тийиштүү комитетке тапшырма беребиз", - деди.

Белгилесек, 14-мартта министр Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги "Тез жардам" ооруканасына барганда, Чүй облустук ооруканасындагы Эрнст Акрамов атындагы хирургия илимий борборун жапканын билдирген.

Мындан тышкары Алымкадыр Бейшеналиев хирург Эрнст Акрамовдун атын ооруканага эле эмес, оорукананын бир бөлүмүнө берүүгө дагы татыксыз деп эсептерин айткан. Депутат Исхак Масалиев белгилүү хирург Эрнст Акрамовдун жашоосуна шарт түзүп берүү керектигин билдирсе, Эдил Байсалов хирург Акрамов боюнча кооптонууга негиз жок экенин социалдык тармакка жазган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан