Депутат Бакыт Төрөбаев Орусия менен Казакстандын чек арасында буудай, май, кумшекер ташыган вагондор туруп калганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Биз ЕАЭБге мүчөбүз. Бүгүн эртең менен ишкерлер чалышты. Орусия менен Казакстандын чек арасында буудай, май, шекер менен темир жол вагондор туруп калыптыр. Бул маселени тез арада чечиш керек. Дагы азык-түлүк коопсуздугу боюнча жагдай жаралып калышы мүмкүн", - деди Төрөбаев.