Өзбек министри: “Биз Украинанын бүтүндүгүн жактайбыз, Луганск жана Донецк Республикаларын тааныбайбыз”

Өзбекстан Луганск жана Донецк Республикаларын тааныбайт. Бул тууралуу 17-мартта Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Олий Мажлис Сенатынын жалпы жыйынында билдирди.

"Өзбекстан Республикасы Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн жактайт. Биз Луганск жана Донецк Республикаларын тааныган жокпуз", - деди Камилов.

Мындан сырткары Украинадагы оор кырдаалды эске алуу менен Өзбекстан бул өлкөгө гуманитардык жардам берүүнү улантарын айтты.

Муну менен катар Украинадагы жаңжалдан кийин Батыштын Орусияга карата киргизген санкциялары Өзбекстанга түз таасирин тийгизип жатканын, Ташкент үчүн бул санкциялардын терс таасирин жоюу маанилүү экенин белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан