Депутат Түлөбаев: "Азыркы сот системасында иштеп жаткан 80 пайыз судьялар баарыбызды соттогон"

Депутат Балбак Түлөбаев сот системасына 100 пайыз ишенбей турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Сот системасына 100 пайыз ишенбейм. Азыркы сот системасында иштеп жаткан 80 пайыз судьялар баарыбызды соттогон. Алар дагы деле отурат. Депутаттарга түшкөн каттын 90 пайызы сот системасына каршы чыккандар. Сот реформасын тез арада ишке ашырбасак министрлер кабинети кылып жаткан реформасы да жокко чыгат. Адилеттүүлүк болбосо өлкөдө өсүп-өнүгүү болбойт. Судьялардын үйлөрүн, унааларын карагыла", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан