Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында жеңил унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынды.
Аталган мыйзам долбоору 3-окууда кабыл алынган.
Буга чейин министрлер кабинети тарабынан автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм киргизүүнү караган мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору жактырылган.