Депутат азык-түлүктөрдүн бааларын негизсиз жогорулаткан ишкерлерди жоопкерчиликке тартууну сунуштады

Депутат Марлен Маматалиев азык-түлүктөрдүн бааларын негизсиз жогорулаткан ишкерлерди жоопкерчиликке тартууну сунуштады. Бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Маалыматка ылайык, бул мыйзам долбоору дүйнөлүк экономикалык каатчылык шарттарында калктын социалдык аярлуу катмарын коргоо жана социалдык маанилүү товарларга бааларды негизсиз жогорулатууга жол бербөө максатында иштелип чыккан.

"Бул учурларда айрым кара ниет ишкерлер учурдан пайдаланып, социалдык маанилүү товарларга бааны негизсиз жогорулатышты жана жогорулатууну улантууда. Мындай учурлар COVID-19дун жайылышы менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаал мезгилинде аныкталган. Бүгүн Кыргыз мамлекетинин эли товарларга болгон баанын кескин жогорулашы тууралуу айтып жана тынчсызданып жатышат.

Бүгүн өлкөнүн колдонуудагы мыйзамы бааларды негизсиз жогорулаткан ишкерлер менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берүүчү конкреттүү ченемди камтыбайт. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары мындай кара ниет ишкерлерге (жеке жана юридикалык жактарга) карата натыйжалуу жооп кайтарып жана таасир көрсөтө алышпайт.

Ушуга байланыштуу калктын кызыкчылыктарын коргоо жана коомдук жыргалчылыкты адилеттүү бөлүштүрүү максатында ушул мыйзам долбоору менен социалдык маанилүү товарларга бааларды негизсиз жогорулаткан ишкерлерди жоопкерчиликке тартууга жана ага бузуу үчүн жоопкерчиликти катаалдаштырууга мүмкүндүк берүүчү ченемди киргизүүнү сунуштайбыз", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан