"Меники туура". Алымкадыр Бейшеналиев Эрнст Акрамовдон кечирим сурабай турганын айтты

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев хирург Эрнст Акрамовдон кечирим сурабай турганын айтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталы ага байланышканда билдирди.

"Мен андан эч качан кечирим сурабайм. Меники туура. Менин кызматтан кетишимди эл суранган жок. Эл суранса кызматтан кетем. Мен бардыгын туура кылдым", - дейт ал.

Анын акыркы кадамдарын президент Садыр Жапаров кандай кабыл алып жатканын билбей турганын айтты.

Кечээ, 17-мартта депутаттар аны сындап, президент буга реакция кылышы керектигин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан