Абдурахманхаджи Муртазалиев Садыр Жапаровго кайрылды

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу кырдаал боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылды.

"9-мартта БШК менин талапкерлигимди шайлоодон алып салган, бирок жеңиш алып салынган жок жана бул факты тарыхта түбөлүк калат.

Сиз Конституциянын, жарандын укуктарынын жана эркиндигинин гарантысыз. Сиз мамлекетибиздин башчысы катары ар дайым чындык менен адилеттиктин тарабында турасыз деп ишенем. Мен бир гана нерсени суранам. Менин талапкерлигимдин айланасындагы бардык кырдаалдын адилет, калыс, бейтарап чечилишин суранам", - деп кайрылды ал.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Бишкектин Свердлов округунда өткөн кайра шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев “добуш сатып алган” деген жүйө менен четтетилген.

Буга нааразы болгон талапкер администрациялык сотко БШКнын чечимине каршы даттанган.

Бирок сот анын арызын канааттандырган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан