Москва шаарына болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу жана приоритеттүү маселелери талкууланды.
Өзгөчө басым транспорт, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба тармагындагы мындан ары өз ара аракеттенүү, Евразия экономикалык биримдигинин форматында интеграциялык процесстерди тереңдетүү маселелерине коюлду.
Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасынан келген эмгек мигранттарынын Орусиянын аймагында жүрүүсүнүн укуктук макамын жана соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-кеңешмесинин болжолдуу мөөнөттөрүн талкуулашты.