Уланбек Худайбердиев "тамада Бакыт Букаевди жүзүмдү көрүп койгондугу үчүн өлтүрдүм" дейт

Белгилүү тамада Бакыт Букаевдин өлүмүнө шектүү деп кармалган Худайбердиев Уланбек Турдибекович 1986-жылы туулган Өзбекстандын Анжиян облусунун Беш-Тал айылында төрөлгөн. Улуту – кыргыз.

Ал жасаган кылмыш иши боюнча төмөнкүдөй көрсөтмө берген.

Тергөөчү: - Кыргызстанга качан келдиң?

Худайбердиев Улан: - Кыргызстанга 5 жашымда келгем.

Т: - Кайсы жерде жашайсың?

Х.У.: - Ош шаарындан жашайм.

Т: - Орусияга качан бардың?

Х.У.: - Орусияга 2009-жылы кетип, кайра ошол жылы күзүндө келгем.

Т: - Москвадан акыркы жолу качан келдиң?

Х.У.: - 2013-жылы 28-октябрда келдим.

Т: - Ошондон бери каякта жашап жүрдүң?

Х.У.: - Орусиядан келгенде Бишкекте жашап жүрдүм.

Т: - Ким менен жашап жүрдүң?

Х.У.: - Радиоузелде, биржада, күнүмдүк мейманканаларда жашап жүрдүм.

Т: - Орусиядан эмне болуп келдиң бул жакка?

Х.У.: - Орусияда бир жарым жыл иштедим, бир жарым жыл уурулук менен Владимирсктеги абакта отурдум. Ал жактан паспортумду жоготуп, депортация болуп келдим.

Т: - Бул жерге эмне үчүн кармалып отурасың?

Х.У.: - Бир кишини үйүнөн өлтүрүп коюп кармалдым.

Кылмыш тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берген. 

“Ал кишинин үйүнө Мирлан аттуу бала алып барды. Мирлан менен биржага малчы издеп келгенде таанышканбыз. Биз ал кишинин (ред. Бакыт Букаев) үйүнө барып буюмдарын көрүп, акчаларын алып кетебиз дегенбиз. Биз 1 куртка, 2 жемпер, 1 шым, 1 ноутбук, 1 телефон, 1 коньяк, 1 вино жана 400 сомго жетпеген суммада акча алдык. Менин жүзүмдү көрүп калганы үчүн өлтүрүүгө бардым. 

Шеригим жардам берген жок. Ал кийин келди. Тамеки менен төшүн күйгүзгөн жокмун. Ошол жерде мен тамеки чегип отургам. Анан тамеки колумдан төшүнө түшүп кеткенби, билбейм. Эшикти такылдатканда үйдүн ээси өзү ачты, мен кирдим, шеригим сыртта болчу. Тамактанып отурганбыз. Анан мен душка кирип, жуунуп чыгып, ошол жерде калган аракты үйдүн ээси менен кошо ичип жатканда, тамеки чегип келем деп мен ашканага чыгып кеттим. 

Ал жактан эки бычакты көрүп калып, бир бычакты алдым. Ал бычак менен көкүрөгүнө эки жолу сайгам. Бычак сынып кетип, мен колумду кесип алгам. Ал киши менен күрөшө кетип, мен жаак жагына оң колум менен бир койгом. Ал киши жыгылып түштү. Арт жагына өтүп бууп, эсин оодаргам. Ал кишинин колу -бутун байлап, ашканада калган экинчи бычакты алып келип, моюн жагына эки жолу сайдым. Андан кийин бычакты ыргытып ийдим. Үстү -башымды жууганы ваннага кирип кеттим. Жуунуп чыгып, кийимдеримди кийип, сыртта калган шеригиме эшикти ачып, киргиздим.

Т: - Силерди ким тааныштырган болуп жатат?

Х.У.: - Мирлан деген бала тааныштырган. Анын каякта иштегенин билбейм.

Т: - Качан, кандай убакта тааныштыңар?

Х.У.: -Мен радиоузелде жумуш издеп карап тургам. Ошол жерде, радиоузелде иштеген  Рустам аттуу бала менен турганбыз. Ал жерге Мирлан келген, койчу издеп. Бир баланы алып кеткен. Анан кечинде биздин барарга жерибиз жок ошол базардын арт жагындагы күнүмдүк батирге бардык. Ал 8де ачылат экен. 180 сомго алып коюп базардын арт жагындагы отургучта Рустам экөөбүз арак ичип отурганбыз. 

Кийин ал жерден Мирланды көрүп калдык. Ал койчуну үйгө салам деп сүйлөшкөнү келген экен. Бизди көрүп калып, “Силер бул жакта эмне кылып жүрөсүңөр?” деди. Биз "барарга жерибиз жок, үйүбүз жок" деп айттык. "Күнүмдүк мейманкананын ачылышын күтүп отурабыз" дедик. 

Жаныбызда эки орус арак ичип отурган. Алар урушуп кетип калышты. Алардан калган жарым бөтөлкө аракты ичип жаттык. Мирландын колунда закуска бар экен. Эт менен наны бар экен. "Кайда барып жашайсыңар эми?" деп бирөөгө телефон чалды. Ал кишиге "менде 2 бала бар. Бара турган жери жок" десе, макул болгон окшойт.

 Биз Мирлан менен Жибек Жолу-Жаш Гвардия бульвары тарапка бастык. Жаш Гвардиядан Мирлан айткан кишинин үйү тарапка бастык. 

Үйгө жеткенде Мирлан звонок кылып, “Биз келдик, силер келип калдыңарбы?” деди. Мирлан бизге ал кишини тойдон келе жатканын айтты. Карасак, бир киши келип, Мирлан менен учурашып калды. 

Көрсө, ал ошол үйдүн ээси экен. Бакыт деген киши экен. Кара пальто, кара шляпа кийген. Толук келген, узун бойлуу.

Т: - Ошол өлтүргөнүңө күнөөңдү сезесиңби?

Х.У.: - Ооба, сезем.

Т: - Үйлөндүң беле?

Х.У.: - Жок, үйлөнө элекмин.

Т.: - Мектепти каяктан аяктадың эле?

Х.У.: -Мектепти Оштон бүткөм. 

(ред: Кылмышка шектүү адамдын сөздөрү оңдолбой, айтканындай берилди)

Бакыт Букаевдин өлүмүнө шектүү адам кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (87)
aysi91
2013-11-26 15:13:07
Психологиялык жактан Жакшы Адам эмес эптеп мойнуна илдиришкен го
0
Adahan.myrza
2013-11-26 17:38:49
букаевдин уйунондо олтургон адамдын медициналык кол кабы калган экен.Бул бомж анын эмне экенин да билбесе керек.Кылмышкердин бармак издери да калган эмес деп маалымат беришкен биринчи.Эми болсо бир бомжду кармап алышыптыр
0
kial777
2013-11-26 21:20:52
Эч тушунуксуз суроо жообтор тооба кылдым бул баланы уруп кыйнап эле мойнуна койгондой куноосун аран суйлоп жатат жаттагандарын!!!
0
alhimic
2013-11-26 23:11:12
караандай калпты ышкыртышкан мамлекеттик орган кызматкерлеринин кейпи ушундай болсо анда вообще соз жок ! Бул окуялар менин деле башыман откон. Бир жолу майда бир болоор болбос жалаа менен подстава болуп менттерге пара бергенимде , алар кайра сценарийди озгортушуп создорду жазып берип жаттатышкан. Анан ошолор жаттаткан соз менен айтып берип мен дагы кутулуп чыгып кеткем. Уят эле Бакыт букаев деген килейген киши бомждорду уйуно чакырып чай бергени кызыктай эле болуп калыптыр. Такыр эле окшобой.
0
alhimic
2013-11-26 23:14:56
аЛ БИР КУН МУРДА нУРДООЛОТТУ УЗАТЫП КЕЧ УЙУНДО КАЛГАНДАН КИЙИН. Кайра бомждорду уйуно киргизип жатканын элестетсенер.Ал куну колдон чарчап келип кеч жаткан болсо. Бутундой кыргыз элин лох деп ойлошобу .Органда иштеген кызматкерлер. Начальниктери результатты сурап кыйнаганынан ушундай кылышты да ... полный бред лохотрондор...
0
turgunbek
2013-11-27 01:29:27
илгери кыныр иш кырк жылда билинсе азыркы заманда кырк кундо билинет дейт бул баланын суйлогонуно караганда эч кандай тиешеси жок суйлогон создоруно биз эмес жинди адам да ишенбейт кичине окшоштуруп соз жататсанар болмок ылайым эле бакыт байкенин арбагы канкорду уктатпасын кыркына чейин оз буту менен келип мойнуна алсын ооооооооооооомин
0
alemdar1988
2013-11-27 04:33:15
Бул баланын олтургонуно ишенбейм.келечеги емне болот еми.жаман болсода бироонун канынан буткон баласыго.
0
zaika_84
2013-11-27 06:28:11
Бизди озунордой келесоо ойлобогула!Байкуш жаттагандарын аран зорго адашпай айтайын деп кыйналып чыкты.Колунардан эшектин тушоосун чечиш да келбейт,бут чон болумуштар!Акча издеп,элди тоноп,тамак жештен башка же ичинер жарылып олбодунор.
0
Sagidko88
2013-11-27 16:40:51
zaika_84,туура айтасыз. коркутуп, уркутуп эле мойнуна алдырып жаткандай сезилди. бир айткан создору экинчи созуно дал келбейт.
0
Jikos
2013-11-27 08:52:01
Элестеткиле Бакыт Букаев тойдон келип алып кукси ичип отурганын, мен да ишенбедим
0
Asus84
2013-11-27 10:59:47
ужас кошмар
0
guard
2013-11-27 18:43:35
ИИМ кызматкерлерине ишенич жок...
0
kykenbai
2013-11-29 09:02:21
Аябай эле коп туш келбеген фактылар бар. Чоон жалган. Орусча айтканда "ЛОХОТРОН".
0
kykenbai
2013-11-29 09:04:18
Букаев тойдон келбей эле, ошол кунку тойго даярдык максатында эс алып жаткан болчу го. Нурдоолот Копоевтин берген маалыматы б-ча.
0
toychu
2013-12-10 18:18:55
туфта где пречатки где мирлан от куда деньги на такси на водки на гостиница сказки рассказывает а эти к...ы даже слов нет хуже не куда.
0
almaz1979
2013-12-10 23:41:53
bul bakyt bukaev erkekter menen mamilesi bar neme okshoit,bolboso elden chyndykty jashyryshpait elego,...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан