Казакстандын Уральск шаарында эскалатордон кулап кеткен 9 айлык ымыркай каза болду

Казакстандын Уральск шаарындагы соода борборлорунун биринде эскалатордон апасынын колунан түшүп кеткен 9 айлык кыз каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 13-март күнү аталган шаардагы соода борборлордун биринде эскалатор менен көтөрүлүп бара жаткан аялдын колунан 9 айлык кызы кулап кеткен. Ымыркай ооруканага оор абалда келип түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

"Ага баш мээнин жабык жаракаты, баш мээнин чайкалышы деген диагноз коюлган. 19-март күнү ымыркай эсине келбей каза болду", - деп айтылат маалыматта.

Урал шаарында эскалатордон кулап кеткен 9 айлык ымыркай каза тапты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан