Президент Садыр Жапаров жана өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн, 21-Март - Нооруз майрамын Баткен шаарында өткөрүп жатышат. Салтанаттуу иш-чарага катышкан өлкө башчы Ноорузду Баткенден белгилөө себебин айтты.
"Урматтуу тургундар, кадырман калкым! Ноорузду өрүк зарлуу Баткен жергесинен тосуп жатып элибиздин жыл ажыратып, жаңы күндүн башталышы катары белгилеп келген улуу майрамы менен куттуктайм. Эмне үчүн Ноорузду дал ушул Баткенде белгилөөнү чечтим?
Эгемен өлкөбүздүн чеги айгүл гүлү гүлдөгөн кереметтүү Баткен жергесинен башталат. Бул аймак көз карандысыз Кыргызстандын бир нече чыгаан уулдарын чыгарган куттуу жер. Тарыхта маанилүү ролду ээлеген, Кокон хандыгын бийлеген Алымкул аталык, Болот хан, Исхак Асан уулу дал ушул Баткенден чыккан. Андан берки мамлекет түптөөчүлөрдүн сап башында турган Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салиховду кимдер билбейт. Өтө таланттуу инсандардын киндик каны тамган жер", - деди Жапаров.
Ошондой эле президент Исфана шаарынын атылышын Раззаков кылып өзгөрткөнүн белгилеп өттү.