Бүгүн, 21-Март - Нооруз майрамы өлкөнүн бардык аймактарында салтанаттуу белгиленип жатат. Президент Садыр Жапаров бул ирет Ноорузду Баткен жергесинде тосууда.
Жергиликтүү тургундар катышкан майрамдык иш-чарада өлкө башчы Баткен облусундагы айрым маселелерге токтолду.
"Республиканын өндүрүш комплексинде Баткен облусунун экономикасы маанилүү орунду ээлейт. Зор потенциалга ээ аймакты облус кылып түзүү өз убагындагы эң туура чечимдердин бири болгон. Тилекке каршы, башталган кадам андан ары ташталбай, облус макамындагы аймакка анчейин көңүл бурулбай келгени албетте, өкүндүрөт. Буга чейин чечилбей, бийликтен бийликке көйгөйлүү мурас болуп калып келген чек ара жаңжалдары уланып, кейиштүү окуялар болуп кетти. Майрам күнү айтылбай турган сөз эле, бирок айтууга туура келди.
Биз, Кудай буюрса, мындай көрүнүштү кийинки муунга калтырбайбыз. Дал ушул максатта Баткен облусуна өзгөчө макам ыйгардык. Анын алкагында конкреттүү программа иштелип чыгып, ырааты менен аткарыла баштады. Баткен гүлдөсө - өлкө гүлдөйт, Баткен өнүксө - өлкө өнүгөт", - дейт президент.