Акылбек Жапаров: "Биз көтөрүмдүүлүктү, сабырдуулукту даңазалаган Нооруз майрамын мурункудан дагы жайылтышыбыз керек"

Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата иш-чара өтүүдө. Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп жатат.

"Биз көтөрүмдүүлүктү, сабырдуулукту даңазалаган Нооруз майрамын мурункудан дагы жайылтышыбыз керек. Нооруз менен жаз келет. Кыштан аман-эсен чыктык. Кыштан ийгиликтүү чыккан үчүн энергетиктерге ыраазычылык. Президенттин коңшу мамлекет түзгөнү үчүн алардан электр энергия алдык. Салык жана бажы кызматкерлерине ыраазычылык айталы. Кыбырагандын баары кийинки жылга кам көрөт. Быйыл бир эмес, эки жолудан түшүм алалы дегендер бар. Ар бир түшкөн дан берекесин берсин", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан