Садыр Жапаровдун Баткендеги иш сапары жыйынтыкталып, Бишкекке кайтып келди

Президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна 20-21-март күндөрү болгон иш сапары жыйынтыкталды.

Мамлекет башчы иш сапарынын жүрүшүндө Лейлек районундагы Исфана шаарын Раззаков деп өзгөртүүгө байланыштуу иш-чарага катышты.

Садыр Жапаров ошол эле күнү Нооруз майрамына арналган байыркы салт болгон сүмөлөк даярдоого катышты.

21-мартта Баткен шаарынын борбордук стадионунда Нооруз майрамына арналган театралдаштырылган оюн-зоок жана спорттук иш-чаралар болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров салтанатта сөз сүйлөп, кыргыз элин жаз майрамы менен куттуктап, мекендештерине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Иш сапарын аяктап, мамлекет башчы Бишкек шаарына кайтып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан