Өлкө башчы Садыр Жапаров Кытайдын президенти Си Цзиньпинге Гуанси-Чжуан автономдук районунун Учжоу шаардык округунун Тэнсянь уездинин Молан айылынын жанында Boeing 737 кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"Жүргүнчүлөр жана экипаждын курамы курман болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан авиакырсыкта каза болгондордун туугандары жана жакындары менен аза кайгысын тең бөлүшүп, аларга көңүл айтам. Сизге жана Кытай элине ушул кыйын учурда кайраттуулук каалайм", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Эске салсак, MU 5735 каттамы Кытайдын түштүк-батышындагы Юньнань провинциясындагы Куньмин Чаншуй аэропортунан учуп чыккан. Учак Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын Гуанчжоу шаарына бармак. Бирок учуу учурунда жердеги кызматтардын учак менен байланышы үзүлгөн.
Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Учакта 123 жүргүнчү жана тогуз экипаж мүчөсү болгон.