Укук коргоочу Динара Ошурахунова жана активист Өндүрүш Токтонасыровго сот 3 миң сомдон айып салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Динара Ошурахунова өзү тастыктады.
Анын айтымында, бүгүн, 22-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту укук коргоочу ага “ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренеси менен 3 миң сом айып салган. Ошондой эле Өндүрүш Токтонасыров да 3 миң сом айыпка жыгылган.
Ал эми алар менен чогуу митингге чыккан дагы бир укук коргоочу Азиза Абдирасулованын иши 24-мартта карала турган болгон.
Муну менен катар укук коргоочу соттун чечими менен макул эместигин жана жогорку инстанцияга кайрыларын билдирди.
Эскерте кетсек, 17-мартта Динара Ошурахунова, Өндүрүш Токтонасыров жана Азиза Абдирасулова Бишкектеги орус элчилигинин алдына Украинадагы согушка каршылык билдирип нааразычылык акциясына чыгышкан. Аларды милиция кызматкерлери кармап, сотко жеткирип, иш Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан.