"Жалал-Абадга жетет". Садыр Жапаров жаңы темир жолдун курулушу тууралуу билдирүү жасады

Балыкчы-Кочкор–Кара-Кече темир жолун кийин Жалал-Абадга чейин жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Кудай буюрса, өз күчүбүз менен Балыкчы-Кочкор–Кара-Кече темир жолун кура баштадык. 1-2 жылда Кочкорго жетип, андан ары Кара-Кечеге кирип барабыз. 30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче 42 чакырым жолубузду жоготуптурбуз. Албетте, өкүнүчтүү. Эми кайра узарта баштадык. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадга жеткирип, бириктиребиз. Ошентип түндүк-түштүк темир жолун ачабыз", - деп жазды Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан