24-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусиянын Саха Республикасынын мамлекеттик жыйынынын (Ил Тумэн) төрагасынын биринчи орун басары, "Дүйнө элдеринин эпостору" эл аралык ассоциациясынын вице-президенти Александр Жирковду кабыл алды.
Жолугушууда эки тараптуу аймактар аралык кызматташтык маселелери талкууланды.
Төрага делегацияны жылуу кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен Саха Республикасынын ортосундагы алакаларды өнүктүрүүдө Александр Жирковдун салымы чоң экенин белгиледи. "Айрыкча, "Манас" эпосунун кыскартылган вариантын, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" чыгармасын орус жана якут тилине которуп, "М.К.Аммосов. Кыргыз ишмердүүлүгүнүн доору" китебин басып чыгарганыңыздар үчүн жалпы якут элине ыраазычылык билдирем", - деди Талант Мамытов.
Ошондой эле Саха Республикасы менен кызматташуу Кыргызстан үчүн маанилүү экендигин айткан төрага эки элдин тарыхый-маданий байланышы тууралуу сөз кылды. "Бизди маданий-салттык окшоштуктарыбыз бириктирип турарын өзгөчө белгилегим келет. Андыктан, Евразия чөлкөмүндө тагдырлаш жашаган бабаларыбыздын алакасын мындан ары да улантышыбыз керек", - деп кошумчалады.
Маданий байланыштарды да тереңдетүү зарылчылыгына токтолгон Жогорку Кеңештин төрагасы, Якутияда Кыргызстандын маданият күндөрүн уюштурууну, Якутия шаарына Чыңгыз Айтматовдун эстелигин ачып же атын көчөсүнө ыйгарууну сунуштады.
Андан тышкары, Якутия аймагына барган Кыргыз Республикасынын жарандарынын ишмердүүлүгүнө ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүгүн белгилеген Талант Мамытов, маданият, билим берүү жана илим тармактарында кызматташуу боюнча макулдашууларды кабыл алуу сунушун айтты.
Сөзүнүн соңунда Талант Мамытов Саха Республикасынын элин Якут автономдуу республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктап, аталган маарекенин белгилениши улуттук, руханий жана саясий багыттан алганда ири окуя экенин кошумчалады.
Өз кезегинде Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик Жыйынынын (Ил Тумэн) төрагасынын биринчи орун басары Александр Жирков "Дүйнө элдеринин эпостору" Эл аралык ассоциациясынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, аталган уюм 1999-жылы негизделгенин жана аны Кыргызстандын жазуучусу Бексултан Жакиев жетектегенин билдирди. Муну менен катар ассоциациянын ишин улантуу зарылчылыгына токтолгон Александр Жирков Кыргыз Республикасынын расмий делегациясын Саха Республикасынын (Якутия) 100 жылдыгын жана Максим Аммосовдун 125 жылдыгын белгилөө үчүн уюштурула турган мааракеге катышып кетүүгө чакырды.
Ал эми Талант Мамытов айтылган демилгелерди колдой тургандыгын жана чакырууну кабыл аларын билдирди.
Жолугушуунун соңунда Александр Жирков Жогорку Кеңештин төрагасына кыргыз калемгерлеринин якут тилинде жарыяланган чыгармаларынын топтомун белек кылды.