Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу пикирин жазды.
"Жаран Алмазбек Атамбаев өзүн мыйзамдан жана мамлекеттен жогору коюуну улантууда. 2019-жылы сурак берүүдөн баш тартып, куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн Кой-Таштагы тополоң болуп, натыйжада спецназдын кызматкери каза болгон", - деп жазды ал.
23-мартта Алмазбек Атамбаевди суукта ич кийимчен күч менен сотко алып келгендигин анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген. Өз кезегинде Жазаларды аткаруу кызматы Алмазбек Атамбаевге карата күч колдонуу мүмкүн эместигин билдирген. Бирок бүгүн, 25-мартта Кыйноолорду алдын алуу борбору Алмазбек Атамбаевдин колдорунан жана буттарынан көк ала тактар табылганын айтты.