Парламент комитетинде салык кызматынын органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маалымат угулат

Кийинки аптада парламент комитетинде салык кызматынын органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маалымат угулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйыны 29-мартта өтөт.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов баяндама жасайт.

Аталган комитетте 3 маселе каралары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан