Эртең, 5-апрелде парламенттин эки комитетинде башкы прокуратуранын отчёту каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы башкы прокурор Курманкул Зулушев жасайт.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттеринде бул маселе талкууланат.