"Супер сулуу-2012" наамын Гузеля Келдибаева жеңип алды

7-декабрда Спорт Ордосунда өткөн "Супер концерт-2012нин" 1-күнүндө "Супер сулуу-2012" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Бул сынакта "Ажарлуу сулуу" номинациясын Гүлназ Касымбекова жеңип чыкты. Альбина Ишенбек кызы "Сымбаттуу сулуу" аталды. Калыстар тобунун чечими менен "Супер сулуу-2012" наамын баарынан эң көп упай топтогон Гузеля Келдибаева жеңип алды. Ага таажыны "Супер сулуу-2011" наамынын ээси Айсулуу Өмүралиева кийгизди. Кошумчалай кетсек, Г.Келдибаева экзотикалык өлкөгө барып эс алып келүү укугуна ээ болду. 
Сүрөттөргө комментарий:
1. "Ажарлуу сулуу" номинациясында жеңип чыккан Гүлназ Касымбековага эл аралык "Sela" дүкөндөр тармагынын Борбор Азия боюнча башкы директору Канат Маматов 10 миң сомдук сертификат тапшырууда. 
2. "Сымбаттуу сулуу" номинациясында жеңүүчү аталган Альбина Ишенбек кызына "Келдике" зер үйүнөн зер буюмдар тапшырылды.
3. Эң толкунданткан учур. "Супер-Инфо" гезитинин президенти Шаиста Шатманова баш байге ээсин атоонун алдында.
4. Экзотикалык өлкөгө жолдомо өз ээсин тапты! Гузеля Келдибаевага "Супер сулуу-2011" наамынын ээси Айсулуу Өмүралиева таажы кийгизүүдө.
5. Гузелянын "Супер сулуу-2012" наамын алгандан кийинки алгачкы фотосессиясынан.
6. Таажычан сулуу.
7. Бардык катышуучулар сынактан кийин эстеликке сүрөткө түшүштү.
"Супер сулуу-2012" сынагынан репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (58)
Bad boy
2012-12-26 09:42:55
"super.kg ajari" ele norma bolboso. berkileri amanele bolsun
0
nura94
2012-12-29 14:07:42
molodec
0
aikadaika1993
2013-01-05 04:51:52
ушу кыздырдын коро албаганы жаманда жон эле куттуктап коюш кыйынбы не озунорду алардын ордуна коюп коргулочу
0
Sherkul
2013-01-08 01:32:47
Татынакай экен, ушундай кыздар кобое берсин кыргызда
0
dashulya
2013-01-11 15:17:40
Девушки безусловно красивые, но как некоторые танцевали восточный танец-это ужжжаасно,никакой пластики... Раз вы участвуете такого масштаба конкурсе и выставляетесь перед публикой будьте добры нормально подготовьтесь...
0
admin_media
2013-01-11 15:37:48
dashulya,
Кыргыз тилинде жазуу сайттын талабына ылайык.
0
Nursultan
2013-01-19 20:46:22
менин оюмча ГУЗЕЛЯ женуучуго татыктуу эмес деп ойлойм, ооба татынакай
0
Nursultan
2013-01-19 20:51:20
менин оюмча ГУЗЕЛЯ женуучуго татыктуу эмес деп ойлойм, ооба татынакай келишимдуу кыз, бирок андан да сулуу, татынакай, ажарлуу, мээримдуу 2-3 кыз бар болчу, Гузелянын таенеси болуп АНАРА МАДИЕВА экен ошондуктан тартып койсо керек, болбосо мындай чечим чыкмак эместир, мен эч кимге болушпайм жон гана оюмду айттым да и менин оюма жигиттердин 70 пайызы кошулса керек...........
+1
aliya.kg.girl
2013-02-07 19:56:06
Гузеля абдан сулуу кыз экен жылдыздуу да экен))ошондуктан татыктуу деп ойлойм анан баардык кыздарда биринен откон бири сулууу
0
kakusya
2013-02-14 15:39:01
Чындыгында Гузеля баардыгынан сулуу, ажарлуу, жылдыздуу экен! Калыстар тобу туура тандоо жасашкан! Азаматсын Гузеля!!!
0
inet.aidana
2013-02-16 22:31:30
молодцы!!!
0
strelok
2013-02-23 20:22:08
3-орунду алган кызды 1 орунга коюш керек еле! 2- орунга 4 номерин тагылган кызды, 3ко 2-орунду алган кызды! мен болгон сырткы сулуулугунан баа бердим! менин оюма кошулгандар барбы?
0
strelok
2013-02-23 20:28:52
2-номерди 4- номерге алмаштырып алыпмын, кечирестер!

0
strelok
2013-02-23 20:35:43
Гульназ Касымбекова аябай сулуусун! мен учун ен сулуусун!

0
strelok
2013-02-23 20:43:10
Аида Игамбедиева 2-орунга болуш керек еле
0
strelok
2013-02-23 21:13:53
Аида Игамбедиева 2-орунга болуш керек еле!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан