Депутат Русланбек Жакышов прокуратура кызматкереринин санын көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бишкек шаарында 4 район бар. Канча кызматкер иштейт? Шаардык кеңеште депутат болгом. Башка органдарга салыштырмалуу прокуратура кызматкерлери жетишпейт. Дагы кызматкерлерди алууну сунуштайм", - деди ал.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура кызматкерлери жетиштүү экенин айтты. "Жетишпейт деп кызматкерлердин санын көбөйткөн болбойт. Адамдын иши канчалык жеңил болсо иштөөдөн качып калат. Азыр мурдагыга салыштырмалуу иш жеңил. Жумуштар аксап жатат дегенден алысмын. Кызматкерлер жетиштүү", - деди ал.