Депутат министрлер кабинети спорт тармагына жакшы көңүл бурбай жатканын айтты

Депутат Чолпон Султанбекова министрлер кабинети спорт тармагына жакшы көңүл бурбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кытайда Дүйнөлүк жайкы студенттер оюндары болот. Аталган оюнга студенттердин курама командасын даярдашыбыз керек. Ушул күнгө чейин бир дагы жооп болбой жатат. Тендер дагы жарыяланган жок. Спорт тармагына министрлер кабинети жакшы көңүл бурбай койдуңар. Бир дагы маселе чечилген эмес. Бул туура эмес, чоң каталардын бири. Ушул маселени бүгүндөн калбай чечкиле", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан