Жогорку Кеңеште Бишкекке автобустарды сатып алууга багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңеште Бишкекке автобустарды сатып алууга багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 25 миллион евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берүүнү пландаштырууда, ал автобустарды сатып алууга жана Бишкек шаарынын автобус паркын оңдоого жумшалат.

Кредиттик каражаттар эки транш менен бөлүнөт. Биринчи транш боюнча 16 миллион евро берилип, эгер макулдашылган шарттар аткарылса, экинчи транш менен кошумча 9 миллион евро бөлүнөт. Насыянын мөөнөтү 12 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү 3 жыл. Мындан тышкары ЕРӨБ 8 миллион евро өлчөмүндө грант да бөлүүнү пландоодо. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 33 миллион евро каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан