Эдил Байсалов жумушчу сапары менен Женевада жүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жумушчу сапары менен Швейцариянын Женева шаарында жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Жумушчу сапарынын алкагында ал Эл аралык Кызыл Крест комитетинин президенти Питер Маурер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан жана Эл аралык Кызыл Крест комитетинин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Тактап айтканда, эл аралык гуманитардык укук, өзгөчө кырдаалдар, пенитенциардык тутум жаатында ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.

Мындан тышкары, Эдил Байсалов Бириккен улуттар уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) Аткаруучу катчысы Ольга Алгаерова менен жолугушту.

Байсалов белгилегендей, биздин өлкө БУУ ЕЭК менен туруктуу өнүгүү, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү жана адам укуктарын сактоо багыттары боюнча кызматташууну чыңдоого кызыкдар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан