Бүгүн, 6-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлообек Атазовго депутаттык мандат тапшырды.
Ага төш белги жана ырастама берилди. Ал Свердлов райондук округунан депутат болуп шайланды.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Бишкектин Свердлов округунда өткөн кайра шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев “добуш сатып алган” деген жүйө менен четтетилген.
Буга нааразы болгон талапкер администрациялык сотко БШКнын чечимине каршы даттанган. Бирок сот анын арызын канааттандырган эмес. Кийинчерээк талапкер Жогорку Сотко даттанып, ал дагы талапкердин арызын четке каккан.