Жанар Акаев: "Бакиевдерди алып келип жоопко тартуу боюнча прокуратурада иштер болуп жатабы?"

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралып жатат. Башкы прокурор Курманкул Зулушев баяндама жасады.

Депутат Жанар Акаев: "Диктатордук, кандуу режим кулаганына эртең 12 жыл болот. Мындан каза болгондордун саны 152ге жетти. Ошол Бакиевдерди алып келип жоопко тартуу боюнча прокуратурада иштер болуп жатабы?" - деп сурады.

Курманкул Зулушев: "Алар башка өлкөдө жүргөндүктөн каттар жөнөтүлгөн, кылмыш иштери козголгон. Башка өлкө баш тарткан, аларды алып келүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй жатат", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан