Апрель революциясына 12 жыл толду. 7-апрель Кыргыз өлкөсүндө Апрель революциясы болгон күн. 2010-жылы Талас, Нарын шаарларында бийликке карата нааразычылык иш-чаралары башталган. Мындан улам ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлиги оппозициялык саясатчыларды камакка алган. 7-апрелде эл камакка алынгандарды бошотуу талабы менен чыгып, Бакиевдин бийлигин кулатышкан. Анда ок атылып, 87 киши каза болуп болуп, 1000ден ашык адам жаракат алган. Ошол жылы өлкөдө убактылуу өкмөт түзүлгөн.
Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева 2010-жылдын 19-майында Кыргыз мамлекетинин убактылуу өкмөтүнүн декрети менен өткөөл мезгилдеги Кыргыз өлкөсүнүн президенти болуп жарыяланган. Буга ылайык, президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген. Ал бул кызмат ордун 2011-жылдын 1-декабрында Алмазбек Атамбаев кызматка киришкенге чейин ээлеген. Ага экс-президент макамы берилген. 2011-жылдан бери ал "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондуна жетекчилик кылат.
Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев 2011-жылы президент болуп шайланган. Ал мөөнөтү соңуна чыкканга чейин бул кызматта отурду. 2017-жылы президенттик кызматты тапшырып берген. Учурда Алмазбек Атамбаевге бир нече айып тагылып, ал абакта.
Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Темир Сариев 2011-жылдын 24-декабрындагы президенттин буйругу менен экономика жана монополияга каршы саясат министри болуп дайындалган. 2015-жылы ал экономика министри кызматынан бошотулган. 2015-2016-жылдары премьер-министр болуп иштеген. 2021-жылы УКМК тарабынан "Кумтөр" боюнча коррупциялык ишке шектелип кармалган. Андан кийин ал үй камагына чыккан.
Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаевдин "Ата Мекен" партиясы 2010-жылы, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, ал эки жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы ал үй камагына чыгып, кийин акталган. "Ата Мекен" партиясы 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо 5 пайыздык босого чектен өткөн эмес. Быйыл ал Кыргыз өлкөсүнүн Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары (прокуратура органы жана финансы полициясы боюнча) Азимбек Бекназаров 2019-жылдын декабрь айынан тарта Кыргыз мамлекетинин Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп келет.
Ички иштер министри Болотбек Шерниязов 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган. 2020-жылдын июнь айында ооруканада көз жумган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев 2012-жылдын августунда ал азыр жоюлуп жаткан Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты жетектеген. Андан кийин 2015-жылга чейин Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары болгон. 2020-жылы октябрь айында ал Коопсуздук кеңештин катчысы болуп дайындалып, кайра 10 күндөн кийин кызматтан кеткен.
Саламаттык сактоо министри Дамира Ниязалиева 2010-жылы июнь айында бул кызамттан кеткен. 2010-жылы КСДПдан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2014-жылы вице-премьер-министр болуп дайындалган. 2020-жылы "Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка аттанган.
Убактылуу өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Эмильбек Каптагаев бул кызматта 2011-жылга чейин иштеген. 2013-2016-жылдары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.