Орусиялык саясатчы Владимир Жириновскийди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн өтөт

Орусиялык саясатчы Владимир Жириновскийди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 8-апрелде өтөт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Басылмаларда жазылгандай, саясатчынын сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлат.

Саясатчы Владимир Жириновский 6-апрелде 75 жашында Москвада каза болгон. Ал февраль айынын башында коронавирус менен Москвадагы клиникалык ооруканага жаткырылган.

25-мартта жалпыга маалымдоо каражаттары Жириновскийдин коронавирустан каза болгонун жаңылыш кабарлашкан. Андан кийин Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин анын өлүмүн дароо четке кагып, партия Жириновскийдин өлүмү тууралуу биринчилерден болуп кабарлаган маалымат каражатын сотко берерин билдирген. Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги анын абалын туруктуу деп баалаган.

Владимир Жириновскийдин цитаталары шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан