"Назарбаев өлгөн. Өлүп калсам көрүстөндөн шайлоого катышам. Маркум Владимир Жириновскийдин цитаталары

Кечээ, 6-апрелде орусиялык саясатчы Владимир Жириновский 75 жашында Москвада каза болду. Жириновский 30 жылдан ашык өмүрүн чоң саясатта өткөрдү. Февраль айынын башында ал коронавирус менен Москвадагы клиникалык ооруканага жаткырылган.

25-мартта жалпыга маалымдоо каражаттары Жириновскийдин коронавирустан каза болгонун жаңылыш кабарлашкан. Андан кийин Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин анын өлүмүн дароо четке кагып, партия Жириновскийдин өлүмү тууралуу биринчилерден болуп кабарлаган маалымат каражатын сотко берерин билдирген. Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги анын абалын туруктуу деп баалаган.

"Либерал-демократиялык" партиясы лидеринин өлүмүн “бүткүл Орусияга сокку” деп атады. Бир мүнөттүк унчукпай туруудан кийин Мамлекеттик Думанын иши бир саатка үзгүлтүккө учураганын Интерфакс басылмасы жазды. Жириновский менен коштошуу 8-апрелге пландаштырылган. Анын сөөгү Троекуровский көрүстөнүнө коюлат. Ал жерде Жириновскийдин апасы жана башка жакындары коюлган.

Владимир Жириновский өзүнүн кайрылуулары менен көпчүлүктүн эсинде калып, анын айрым сөздөрү азыркыга чейин цитата катары колдонулуп келет. Мындан улам Жириновскийдин эң резонанстуу жана талаштуу сөздөрүнүн айрымдарын эске салгыбыз келди.

Орусия тууралуу.

"Гимнди калыбына келтирип койгула, ошондо өлкө "Айлыктын кереги жок" деп айтат";

"Элибиз тамеки чексин! Ар бир адам үчүн күн сайын тамеки чегүү жана ичимдик ичүү бул өзүнө-өзү кол салууну азайтуу үчүн жалгыз куткаруу. Тамекини таштаса, баары асынып өлөт";

"Эмнеге күлбөйсүңөр же түшүнбөй турасыңарбы? Же күлкүлүү эмеспи? Бул Орусия.

Өзү тууралуу.

"Мен Орусиядагы эң кедей депутатмын";

"Аскерде жүргөндө чечендердин байпагын ким жууду эле? Мен жуугам";

"Өлгөнгө чейин шайлоого катышам, көрүстөндөн болсо дагы катышам;

"Менин колдорум таза, бирок президент болуп калсам канга боёлот".

Батыш өлкөлөрү тууралуу.

"АКШ Хиросима менен Нагасакини бомбалап жатат, баары унчуккан жок. Алар жүз элүү өлкөнү басып алды - баары унчуккан жок. АКШ биздин Курсктагы суу астындагы кемебизге кол салды. Эгер биз АКШны ошондой кылсак, анда ядролук согуш болмок. Биз аларды кечирдик";

"Биз дагы 10 миллион орусиялыкты АКШга жөнөтөбүз жана ал жактагы өзүбүздүн президентибизди шайлайбыз. А сиз, Жорж (АКШнын ошол кездеги президенти Жорж Буш) Бутырсктагы түрмөдөн жакшы камера аласыз";

"Улуу Британия дүйнөлүк саясаттагы эң жаман жана эң тымызын нерсе".

Мындан тышкары, Владимир Жириновский Кыргызстан тууралуу дагы бир топ сын пикирлерди айткан. Алардын айрымдарын алсак, 2018-жылы Жириновский журналисттерге Кыргыз мамлекетинин карызын кечкендин ордуна Ысык-Көлдү ижарага берүүнү сүйлөшүш керек болчу" деп айткан.

2021-жылдын август айында Жириновский Орусия Кыргызстан менен мамилени үзүшү керек экендигин айтып, кыргыз мигранттарын Орусиядан депортациялоону талап кылган.

Ошондой эле 2022-жылдын январь айында Владимир Жириновский Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев көп убакыт мурда эле каза болгонун айткан.

"Менин оюмча, ал көп убакыт мурда эле каза болгон. Мусулмандар ошол эле күнү сөөктү жерге беришет", - деген Жириновский.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан