УКМК Жогорку Кеңештин эки депутатынын диплому боюнча БШКга маалымат берди. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМК дипломдордун аныктыгын текшерүү иштеринин алкагында БШКга "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат Фархат Исмаилов жана "Альянс" фракциясынан депутат Фарходбек Алимжановдун жогорку билими жөнүндө документтери тууралуу маалымат берди.
Тапшырылган материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте мыйзамга ылайык тиешелүү чечим кабыл алат.