УКМК Жогорку Кеңештин эки депутатынын диплому боюнча БШКга маалымат берди.
Анын бири "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат.
Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган анын өмүр баяны.
Ал 1983-жылдын 16-майында Ош шаарында туулган. 2001-жылы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепти аяктаган. 2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырган, "Бухгалтердик эсеп жана аудит" факультетин аяктаган. 2015-жылы өкмөткө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юридикалык факультетин (магистр) бүтүргөн.
2010-жылы “Ата-Журт” партиясынан талапкер болуп катталган.
2011-2013-жылдары Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.
2013-жылдан 2021-жылга чейин жеке ишкер болгон.
2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2022-жылы - транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү.