Жасалма диплом колдонууга шектелген Фарходбек Алимжанов билдирүү жасап, сүрөттөрүн жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"ОшМУнун экономика факультетин аяктап, 2016-жылы бакалавр даражасын алгам. Дипломумду коргоо учурунда менин диссертациямдын темасынын айланасында окутуучулар менен абдан талкуу болгон, ОшМУнун окутуучулары менин диплом коргоомду азыркыга чейин эстеп жүрүшөт.
2018-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты боюнча магистратураны аяктагам", - деп жазды ал.
УКМК Жогорку Кеңештин эки депутатынын диплому боюнча БШКга маалымат берди. Алар "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат Фархат Исмаилов жана "Альянс" фракциясынан депутат Фарходбек Алимжанов.