Депутат мектептерди куруу тендерсиз эле менчик компанияга берилгенин айтып чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектеги билим берүү жайларын тендери жок эле коомчулукка белгисиз компания курганы жатканын айтып чыкты. Ал мындай билдирүүнү Телеграмдагы каналына калтырган. Ошону менен катар бул окуя боюнча министрлер кабинети маалымат бериши керектигин жазды.

“Министрлер кабинети борбор калаадагы билим берүү жайларын тендери жок эле куруу укугун “Экспресс-строй КГ” компаниясы кайсы эмгеги менен алганын түшүндүрүп койсо болот эле. Бул таржымалы жок эмне болгон компания? Жадагалса жетекчиси тууралуу дагы маалымат аз”, - деп жазган депутат.

Ошондой эле аталган компаниянын башчысы Эрмек Атантаев аттуу адам экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан