Эдил Байсалов: "Мамлекет сага бир тыйын пенсия карыз эмес дегенди элге түшүндүрүү керек"

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) негизги көйгөйлөрүн атады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Социалдык фонд жана ММКФдагы көйгөйлөр камсыздандыруу төлөмүн төлөгөндөр аз болуп жатат. Фонддорго каражатты мамлекеттик бюджеттен айлык алган адамдар жана чоң ишканалар эле төлөйт. Негизинен биздин экономикада базарда отургандар, дыйкандар, мигранаттар болобу элибиздин көпчүлүгү Соцфондго, ММКФга дагы төлөмдөрдү төлөшпөйт. Бул жерде негизги маселе биз калкка маалымат жагынан жеткире албай жатабыз. Социалдык фонд жана ММКФ дагы номиналдуу эле иштеп жатат.

Биз акырындык менен пенсиялык, медициналык полисин 500 сомго алып койгонго шарт түзүшүбүз зарыл. Ар бир адамга эгер пенсияңды эрте топтоп баштасаң, карыганга чейин жогору болот. Соцфондго аз каражат төлөсө, пенсия аз болот дегенди жеткирүү зарыл.

Пенсия деген кепилдик эмес. Мамлекет сага бир тыйын пенсия карыз эмес дегенди түшүндүрүп башташыбыз керек", - деди Байсалов.

Бүгүн парламентте пенсиялык системаны жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын реформалоо боюнча парламенттик угуу өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан