Ысык-Көл облусунун жетекчисине Балыкчынын жашоочулары жер, таза суу маселеси тууралуу суроолорун беришти

Бүгүн, 11-апрелде президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Балыкчы шаарынын эли менен жолугушту. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Э.Думанаев атындагы маданият үйүндөгү жолугушууга 300дөн ашуун жергиликтүү тургундар катышты. Жыйын суроо жооп түрүндө өттү.
Балыкчылыктар жер, таза суу, мэриянын ишмердүүлүгү боюнча суроо узатышты. Ошондой эле бир катар социалдык көйгөйлөр айтылды.
Облус башчысы облустук деңгээлдеги маселелерди ыкчам чечүү боюнча тиешелүү мекемелердин башчыларына тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан