Президент Финансы министрлигине Азия өнүктүрүү банкынан кошумча жардам тартуу маселесин карап чыгууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Чэнь Шисинди кабыл алды. Президенттик администрациядан билдиришкендей, анда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Мамлекет башчы аталган банк менен жашыл экономика, энергетика, транспорт, айыл чарба жана суу ресурстарын башкаруу, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү жаатында динамикалуу өнүгүп жаткан кызматташтыкка канааттангандыгын, бул 2050-жылга чейин өлкөгө көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүсүнө жардам берерин билдирди.
Аны менен катар Садыр Жапаров билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорду, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде биргелешкен долбоорлорду реализациялоо үчүн инвесторлорду тартуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгиледи.
Президент улуттук экономиканын эң аялуу тармактарында антикризистик чараларды ишке ашыруу максатында Финансы министрлигине Азия өнүктүрүү банкынын турукташтыруу фондунан кошумча жардам тартуу маселесин карап чыгууну тапшырды.
Өз кезегинде Чэнь Шисинь Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкы үчүн маанилүү өнөктөш экенин айтып, улуттук программаны ишке ашырууга колдоо көрсөтүү ниетин ырастады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан