Азамат Кадыралиев президент Садыр Жапаровдун протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду дешет президенттик администрациядан.
Азамат Кадыралиев буга чейин Кыргызстандын Франциядагы элчилигинде кеңешчи, Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол департаментинде сапарлар бөлүмүнүн башчысы, Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол департаментинин директору болуп иштеген.