"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси: "Москвага 2023-жылга чейин жүргүнчү ташуу болбойт"

Москвага 2023-жылга чейин жүргүнчү ташуу болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди.

"Орусия менен Казакстандын темир жол ишканалары макулдашты. Бирок коронавирус боюнча штаб макул болгон жок. Биздин кесиптештер Москвага барып келишти. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча сүйлөшүштү. Москвада темир жолдорду жаңыртуу иштери жүрүп, рельстер алмаштырылып жатат. Ошондуктан Бишкектен Самара, Казань, Новосибирск шаарларына каттамдарга уруксат берилди. Москвага 2023-жылга чейин жүргүнчүлөрдү ташууга болбойт", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан