"Сүйлөшүүлөр болуп жатат, бирок майнап жок". Депутат Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр боюнча маселе көтөрдү

Депутат Миргүл Темирбаева Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кечээ күнү Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча болуп өткөн окуя ар бириңиздердин жүрөгүңүздөрдө турат. Бир жыл мурда дал ушул орозо убагында жаңжал чыккан. 36 кишинин өмүрүн алган. Сүйлөшүүлөр болуп жатат, бирок майнап жок. Эртең деле жаңжал чыгат деген ой менен жашап жатабыз. Лейлектиктердин жашоосу тынч эмес. Бул качанкыга чейин уланат. Буга чекит коюлушу керек. Ошол жаңжал болгондон бери ошол райондо аскерлердин саны көбөйгөнү тууралуу маалымат алган жокпуз. Комиссия иштеп баштаптыр. Бирок ошол курамда ким бар экенин билишибиз зарыл", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан