Вице-спикер: "Депутаттар коррупционер экенин айтып жатканда аттарын атагыла"

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев депутаттардын дарегине сын айтканда алардын атын атоону сунуштады.

"Урматтуу депутаттар, мен сиздерден суранып кетет элем. Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып депутаттар коррупционер деп айтып жатпайсыздарбы. Ошолордун аттарын атап айтсаңар. Бул жерде 90 депутат кимибиз коррупционербиз деп отурушат", - дейт ал.

Депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңеште коррупционерлер бар экенин билдирип, алар кимдер экенин дагы айта турганын белгилеген. Бирок алардын аттарын атаган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан