Депутат: "12 жылдык билим берүү системасын киргизебиз деп жатышат. Бизде китеп, мектептер даярдалган эмес"

Депутат Дастан Бекешев 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү боюнча өзүнүн пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү демилгеси менен чыкты. Бул менен макул болсо болот, анткени дүйнөдө бул практика колдонулуп жатат. Бирок бизде китептер, мугалимдердин айлыгы даярдалган эмес. Азыркы мектептердин бардыгы толуп калган. Жаңы салынган мектептер бар, сапаты өтө начар", - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан