Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Жумгал - Ак-Талаа жолу боюнча маселе көтөрдү.
"Жумгал - Ак-Талаа жолдору качан оңдолот? Эл жыртылган, тамтыгы чыккан жолго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун атын берели деп жатат. Анын аты татыктуу болот. Мурда жаңы жолдорго аттар ыйгарылса, азыр тамтыгы чыккан, тешилген жолдорго Акылбек Жапаровдун атын ыйгаруу маселеси көтөрүлүшү керек. Бул элдин демилгеси", - деди ал.