Депутат: "Доллардын курсу көтөрүлсө бардыгына баа көтөрүлөт, түшсө кайра баа төмөндөбөйт"

Депутат Марлен Маматалиев азык-түлүктөрдүн баасын көзөмөлгө алуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Доллардын курсу көтөрүлсө бардык баа көтөрүлөт, түшсө кайра баа төмөндөбөйт. Сатуучулардын айтымында, алар товарды доллардын курсу жогору кезде алган. Кайра жаңы товар алганда арзан сатабыз дешет. Монополияга каршы агенттиги иш алып барышы зарыл. Башка органдар бул маселеге кийлигишип, катуу көзөмөлгө алышы керек", - деди Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан