Депутат билим берүү министрин 5 жылга шайлоону сунуштады

Депутат Мирлан Самыйкожо билим берүү министрин 5 жылга шайлоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Билим берүү системасы өтө чоң коркунучта. Аймактардагы билим берүү системасы азыр мектеп директорлору акимге карап калды. Мектеп директорлорун аким дайындап жатат. Аким чарбачылык менен алектенүүдө, жумушу жетиштүү деп ойлойм. Мугалимдер билим берүүнү эмес отчёт берүүчүгө, коробка ташуучуга айланып калбайбы деген суроо жаралып калбайбы? Ушул билим берүүнү акимдерге эмнеге тапшырып жатабыз? Билим берүү биздин келечегибиз. Билим берүү жана илим министрин 5 жылга шайлап койбойлубу. Анан ошондон жыйынтык күтпөйлүбү", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан