Депутат Мирлан Самыйкожо Манас айылынын тосмолорун бузуу аракеттери болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бишкекте Манас айылы бар. Ал айылдын жерин "Ысык-Көл" мейманканасынын куруучулары басып кирип, тосмолорун бузуп жатышат. Манас деп ыйгарылган жерге тийишпей эле коёлучу. Мен өткөндө дагы "Манас Ордо" тууралуу маселе көтөргөм. Дагы деле кат жүзүндө жооп келген жок. "Манас Ордодо", Манасы айылында чыр болбош керек. Буга астейдил мамиле кылуу зарыл", - дейт ал.