Депутат Чолпон Султанбекова жыйынга финансы министринин келишин талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңеште билдирди.
"Жыйынга финансы министринин орун басары келиптир, маселенин бардыгы ушул министрликте болуп жатат. Министр өзү келбейби? Аны министр болгондон бери көрө элекмин. Ага суроолор көп", - деди ал.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Улан Примов ушул тармакты тейлеген министрдин орун басары келгенин айтып, министрдин өзүнүн келишин камсыз кылууну талап кылып жатышкандарын билдирди.
Учурда парламентте жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдеттирилген насыялар менен камсыздоо жөнүндө маселе каралууда.