Айыл чарба министри депутатка: "Жалган сүйлөйсүңөр деп этияттап айтыңыз"

Бүгүн, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдеттирилген насыялар менен камсыздоо маселелери талкууланууда.

Депутат Айсара Абдибаева суроо берип жатып айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго "Сиз бул жакта отуруп алып жалган сүйлөйсүңөр. Бири-бирибизди качанкыга чейин алдайбыз" деп айтты.

Министр: "Жалган сүйлөйсүңөр деген сөзгө этияттап мамиле кылсаңар. Биз мамлекеттик кызматкербиз да. Жалган сүйлөп жаткан болсок текшертиңиз", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан